ИИМ үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 37% көбөйгөнүн билдирди
Кыргызстанда ушул жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 учурга көп (былтыр 10 айда 10 416 факты катталган). Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, зомбулукка кабылган адамдарга 12 001 коргоо ордери берилген. Анын ичинен 11 227си аялдарга, 529у эркектерге берилген. Андан тышкары 245 балага коргоо ордери берилген. Укук бузуулар жөнүндө... Читать дальше...