Пакистанда полицияга коркунуч жараткан митингчилерге ок атууга уруксат берилди
Пакистанда мурдагы премьер-министр Имран Хандын абактан бошотулушун талап кылган миңдеген киши күч кызматкерлери менен кагылышканына карабай акциясын токтотуудан баш тартышты. "Машаал" радиосунун маалыматына караганда, борбор калаа Исламабадда коопсуздук чаралары дагы күчөтүлүп, аскерлер тартылды. 26-ноябрда эртең менен аскерлерге эгер демонстранттар коркунуч жаратса аларга каршы ок чыгарууга уруксат берилгени маалым болду. Себеби түнкү кагылышууда кеминде үч аскер кызматкери каза тапты, аларды машина сүзгөнү кабарланууда. Читать дальше...