ИИМ зомбулуктун алдын алуу боюнча атайын тиркеме иштеп чыгат
Ички иштер министрлиги (ИИМ) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында атайын мобилдик тиркеме иштеп чыгууда. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын улук тескөөчүсү Наргиза Усенова 1-радиого курган маегинде билдирди. Анын сөзүнө караганда, тиркеме жабырлануучу зарыл учурда тиркемени ачып, SOS баскычын басканда жакынкы милиция бөлүмүнө кабар келип түшөт. "Үй-бүлөлүк зомбулуктун жабырлануучусуна коргоо ордери берилет. Эгер коргоо ордеринин шарты бузулуп, кайрадан зордук-зомбулук болчу болсо... Читать дальше...