Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитти. Мындай чечим БШКнын 26-ноябрдагы отурумунда кабыл алынды.
Протоколго ылайык, Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттык мандаттардын көпчүлүк бөлүгүн "Жаңы күч" (17 мандат) жана "Эмгек" (12 мандат) партиялары алат.
"Адилет" партиясы менен "Ынтымак" партиясы 8 мандаттан, ал эми "Эл үмүтү" партиясы 6 мандат алат.
БШКнын жыйынында "Адилет" партиясынын... Читать дальше...