Ташиев ага коркутуу катын таштап кеткен адам кармалганын айтты
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев өзүн жана үй-бүлөсүн коркуткан катты таштап кеткен адам видео-камералардын жардамы менен табылганын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын жетекчиси 24-ноябрда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында айтты. “Ушунун (ред: видео-камералардын) жардамы менен аныктадык. Милиция кызматкерлери менен биздин кызматкерлер (ред: УКМКнын) артынан жүрүп отуруп таап чыгышты. Ар бир баскан жерин мүнөтүнө чейин карап чыгышты”... Читать дальше...