Кыргызстанда быйыл аялдар зомбулук көргөн 14 миңден ашуун учур катталды
Кыргызстанда жыл башынан бери аялдарга карата 14 миң 239 зордук-зомбулук учуру катталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулукту коргоо боюнча чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Окоева 25-ноябрда “Биринчи радиого” курган маегинде билдирди. Анын айтымында, бул расмий катталган гана көрсөткүч. "14 239 учур аялдардын укук коргоо органдарына кайрылып катталган гана учурлары. Кайрылбаган аялдардын санын кошсок, 3-4 эсе көп чыгыт. Читать дальше...