Академик Мамбет Мамакеев 97 жашында дүйнөдөн өттү
Медицина илимдеринин доктору, академик Мамбет Мамакеев 24-ноябрда 97 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маалыматты анын кесиптештери ырасташты. Белгилүү хирург, коомдук ишмер Мамбет Мамакеев 2020-жылы дүйнөдө өз кесиби менен эң узак иштеген адис катары рекорд коюп, Гиннестин рекорддор китебинин дипломун алган. 2020-жылдын 29-февралындагы эсеп боюнча анын хирургдук карьерасы 67 жыл 181 күндү түзгөн. Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Читать дальше...