"Бүтүн Кыргызстандын" тарапкери, Орусияда кармалган Турду Акматалиев Кыргызстанга алып келинди
Орусияда иштеген Турду Акматалиев Красноярск шаарынан кармалып, Кыргызстанга алып келингени белгилүү болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Турду Акматалиевдин күйөө баласымын деп тааныштырган Абдурасул Турдукулов аттуу жаран билдирди. Анын айтымында, Турду Акматалиевди Орусиянын күч түзүмдөрү Красноярск шаарынан быйыл 22-мартта кармаган. 28-октябрда Кыргызстанга алып келинген. Сурак учурунда тергөөчүлөр Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кармалганын айткан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 327- ("Бийликти күч менен... Читать дальше...