Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жер силкинди
Сейсмология институту маалымдагандай, бүгүн, 22-ноябрда саат 13:16да Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагында күчү очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кара-Шыбак, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме, Кабык айылдарында 2,5 чейин сезилген. Баштапкы маалыматка караганда, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Кыргыз-тажик чек арасында күчү очогунда 3,5 баллдык силкинүү 20-ноябрь күнү катталган. Читать дальше...