Казакстан: Ата-энеден бөлөк чоңойгон бала тагдыры тууралуу тасма "Оскарга" жөнөтүлдү
Казакстандык режиссер Асхат Кучинчирековдун "Бауырына салу" тасмасы америкалык "Оскар" сыйлыгына "Чет тилдеги мыкты фильм" номинациясына тандалып алынды. Бул тууралуу бүгүн 15-ноябрда "Азаттыктын" казак кызматы тасманын расмий Instagram баракчасындагы маалыматка таянып жазды. Фильмде жаш жубайлар тун же кичүү баласын чоң ата, чоң апасына берип койгон салт тууралуу баяндалат. Башкы каармандын өз ата-энеси менен мамилесиндеги кыйынчылыктары, ортодогу түшүнбөөчүлүк көйгөйү көрсөтүлөт. Чоң апасынын... Читать дальше...