МАГАТЭ башчысы Ирандын жер астындагы уран байытуу жайларын кыдырды
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси Ирандагы сапары учурунда бул өлкөнүн уран байытылуучу негизги объектилери – жер астында жайгаштырылган Фордо жана Натанз ишканаларына барды. Бул тууралуу 15-ноябрда Ирандын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты. Гросси ал жакка барганы гана кабарланды, андан башка маалымат берилген жок. Иран өзүнүн өзөктүк объектилериндеги инспекцияларды чектеп, МАГАТЭнин айрым багыттар боюнча... Читать дальше...