Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков президент Садыр Жапаровду каралоого аракеттенген айрым кайрылуу, билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырды. Ал 7-ноябрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, абакта жаткан Мелис Аспековдун бир нече убактан бери социалдык тармактарда тарап жаткан кайрылуусун "жалаа" деп атады.
Орунбеков "коррупцияга аралашкан, бийликти, элдин байлыгын каалагандай калчап, өз пайдасына гана жумшап көнгөн айрым адамдар жалданма жарандык активист... Читать дальше...