Соцтармактагы билдирүүсү үчүн кармалган Орозбеков 1-январга чейин камалды
Бишкектин Биринчи май райондук соту социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн кармалган Айтилек Орозбеков 2025-жылдын 1-январына чейин камакка алынганын билдирди. Анын бөгөт чарасы 2-ноябрда каралган. Айтилек Орозбековду камакка алуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту “жалпыга маалымдоо каражаттарын же маалыматтык-коммуникациялык тарамдарды колдонуу менен” айып тагылууда. Читать дальше...