Молдовада 3-ноябрда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп, азыркы мамлекет башчы Майя Санду добуштардын 55,4%, ал эми анын атаандашы, орусиячыл саясатчы Александр Стояногло 44,6% алды. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын 4-ноябрдагы маалыматына караганда, добуштардын айырмасы 165 миңден ашты.
Сандуну колдогондор борбор калаа Кишиневдо жана чет жакта жашагандар арасында көп болду.
Орусиянын кийлигишүүсү, добуштардын бурмаланышына катышуусу тууралуу айыптоолор айтылган бул шайлоо жараянынын жыйынтыгында Санду... Читать дальше...