Газада барымтага алынган 101 адамдын жарымы каза болгону кабарланды
АКШ жана Евробиримдик тарабынан террорчу деп таанылган палестиналык ХАМАС тобу Газа тилкесинде барымтада кармалып турган 101 израилдиктин 51и гана аман калганын Israel Hayom басылмасы ички булактарына шилтеме берип жазды. Буга чейин Израил бийлиги барымтадагылардын 37си өлгөнүн ырастаган. Басылма барымтадагылардын өлүмү тууралуу кабар атайын кызматтын маалыматтарына негизделип жазылганын кабарлады. Израилдин расмий өкүлдөрү барымтадагылардын кармалган шарттарын эске алуу менен каза болгондордун саны мындан көп болушу мүмкүн деп эсептейт. Читать дальше...