ru24.pro
World News
Июль
2018

Быйыл Чек ара кызматында беш коррупциялык факт аныкталды

0
Мамлекеттик чек ара кызматынын коллегиясынын 20-июлда өткөн кезектеги отурумунда аталган мекемеде коррупция ыктымалдыгы жогору бир нече зона аныкталганы маалымдалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.


Ошондой эле жыйында 2018-жылдын биринчи жарымында аскер адамдары аралашкан коррупциялык беш факт аныкталганы айтылды. Бул багытта учурда тиешелүү органдар кылмыш иштерин козгоп, тергеп жатат.


Кыргызстанда бийлик коррупцияга каршы аесуз күрөш башталганын байма-бай жарыялап жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков күч органдарына бардык мамлекеттик кызматтардын коррупцияга шектүү жагдайларын текшерип чыгууну тапшырган. Өкмөттө жемкорлуктан өндүрүлгөн каражат түшүүчү атайын эсеп ачылган. (TSh)