ru24.pro
World News
Январь
2018

Момункулов: “Huawei” алгачкы тесттик ишин январда көрсөтөт

0
“Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлган «Huawei Technologies Co., Ltd» компаниясы алгачкы тесттик ишин январдын аягында көрсөтөт. Ага ылайык, ушул айдын этегинде Ош жана Бишкек шаарында төрт кесилишке жабдуулар орнотулат. Бул тууралуу Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин башчысы Эсенкул Момункулов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, долбоор жыйынтыкталган соң аны Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” ишканасы иштетет:


- Чындыгында эл аралык эң жакшы тажрыйбаны алып туруп ушундай шарттарды алганга аракет кылдык. Мөөнөтү 1,5 жыл, бирок биз 1 жылда бүтүрүп бергиле деп суранып жатабыз. Ошого да макул болуп жатышат. Бул кыргыз-кытай мамилесиндеги маанилүү долбоор. Ошондуктан Кытай мамлекети дагы бул долбоорду колдоп жатат. Бул боюнча өтө көп сүйлөшүү жүргүздүк. Анткени долбоор токтоп калбашы керек.


Өкмөт коопсуздукту камсыз кылып, жол кырсыктарынын санын азайтууга, кылмыштарды ачыктоого, террористтик жана криминалдык коркунучтарды алдын алууга багытталган «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу үчүн «Huawei Technologies Co., Ltd» компаниясы менен инвестициялык келишимге 11-январда кол койду. Келишимге кыргыз тараптан Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин башчысы Эсенкул Момункулов кол коюп, ага премьер-министр Сапар Исаков баштаган тийиштүү өкмөт өкүлдөрү катышты. (КЕ)