Акылбек Жапаров Эл аралык «Иннопром-2024» павильондор менен таанышты
0
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын алкагында Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жана Беларусь премьер-министри Михаил Головченко менен бирге ушул күндөрү Екатеринбург шаарында өтүп жаткан «Иннопром-2024» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн павильондору менен таанышты.Бул тууралуу Министрлер кабинетинен басма сөз кызматы билдирди.