Президент Тажикстан менен чек ара өкмөттөр аралык комиссия ишин аяктаганда ачыларын айтты
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Тажикстан менен чек ара бекеттерин эки өлкөнүн чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия ишин жыйынтыктаганда ачыларын билдирди.
Бул тууралуу мамлекет башчы 13-декабрда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде айтты.
“Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин бүтөөрү менен ачылат. Жергиликтүү элдин талабы да бизге ушундай болчу. Делимитация иштери бүткөндө ачкыла деген. 3 жылдан бери чек ара посттору жабык турат. Мындан эки тарап тең экономикалык зыянга учурады. Соода-сатык токтоп калды. Эми чек ара постторун ачып, эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкты эң жогорку денгээлге чейин чыгарышыбыз керек. Мындан ары эки элдин ортосунда эч кандай талаш-тартыш маселелери болбош керек. Эки эл ынтымактуу жашасак ошол өрөөнгө инвесторлор, туристтер агылып келет. Эки элдин жашоо турмушу оңолот. Чек ара маселеси бүтпөгөн жерге эч бир инвестор келбейт экен, кызыкпайт да экен”, - деди президент.
Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоодо талаш болуп келген жерлер теңме-тең бөлүштүрүлгөнүн, айрым тилкелер боюнча да ушундай эле алмашуулар болгонун кошумчалады.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айында болгон кандуу окуядан кийин солгундап кеткен. Мындан улам Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 11-декабрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча документтер Жогорку Кеңешке 2025-жылдын январь айында киргизилерин айткан.
4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаган. Жумушчу топторго кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген.
Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым.
Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (BTo)