ru24.pro
World News
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28

Тайландда он жыл мурда кармалган 40 уйгур Кытайга депортацияланды

0
Тайландда он жылдан ашык убакыт бою кармалып турган уйгур эркектер Кытайга депортацияланды. Бул тууралуу маалыматты 27-февралда Бээжиндин Тайланддагы элчилиги ырастады.


Өткөн айда бул адамдар коомчулукка кайрылып, депортацияны токтотууну суранышкан. Алардын жүйөсүнө караганда, Кытайда түрмөгө камалып же өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.


Тайланддык мыйзам чыгаруучулар жана эл аралык уюмдар бул өлкөнүн өкмөтүн аларды депортациялабоого чакырып, эгер ошондой чечим кабыл алынса адам укуктарын одоно бузуу болорун эскертишкен.


Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк 27-февралда уйгурлардын депортацияланышын “эл аралык укуктарды жана стандарттарды ачык түрдө бузуу” деп атады.


“Менин кеңсем Тайланд бийлигине бул адамдар эл аралык коргоого муктаж экенин жана аларга карата эл аралык мыйзамдарга ылайык мамиле кылуу керектигин бир нече жолу эскерткен. Алар күч менен кайтарылганы терең өкүнүчтүү. Эми Кытай бийлиги алардын кайда экенин ачык айтып, эл аралык стандарттарга ылайык мамилени камсыздоосу маанилүү”, — деди Түрк.




Кытай элчилиги Фейсбукта билдирүү таратып, 40 кытай жараны атайын чартердик учак менен Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң аймагына кайтарылганын билдирди.


Кытайдын мамлекеттик CCTV телеканалы бул адамдар “кылмыштуу топтордун алдоосуна кабылып”, Тайландда калып калышканын кабарлады.


2014-жылы Кытайдан качып чыккан 300дөн ашуун уйгур Тайландда кармалган. 2015-жылы Тайланд бийлиги алардын 109ун Кытайга күчтөп кайтарышы эл аралык деңгээлде кескин сынга алынган. Калган 173 уйгур Түркияга жиберилген, 53ү Тайландда башкалка сурап калып калган.


Он жылдан ашуун убакыттан бери уйгур туткундар Тайланд үчүн дипломатиялык көйгөйгө айланган, анткени өлкө Кытай менен экономикалык өнөктөш болсо, АКШ менен аскердик союздаш мамиледе.


Бээжин уйгурларды “экстремисттер” деп атап келгени менен бул боюнча эч кандай далил келтирген эмес. Батыш мамлекеттери жана уйгур активисттери бул айыптоолор негизсиз экенин билдирип, аларды Кытайга кайтарбоону талап кылышкан.


Маселе Тайланддын жаңы премьер-министри Пэтонгтарн Чиннават өткөн жылы бийликке келгенден кийин кайра жанданган. Анын атасы, мурдагы премьер-министр Таксин Чиннават Кытайдын жогорку жетекчилери менен жакын байланышта болуп келген.